АКШнын күч түзүмдөрү жаңы шайланган президент Жо Байдендин инаугурациясына даярдык көрүп жатат. Анда Капитолий толук темир менен курчалганын тасмалардан көрүүгө болот. Бул күнү коопсуздукту Улуттук Гвардиянын 21 миңдей аскери камсыздайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка караганда, АКШ бийлиги массалык башаламандык чыгып кетишинен кооптонууда.
Анткени 6-январда Капитолийге президенттик шайлоодон утулганын моюнуна албаган Дональд Трамптын тарапташтары чабуул жасап, анан кесепетинен беш адам каза болгон.
Байдендин инаугурациясы 20-январь күнү өтөт.