Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 78ге жетти

Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 78ге жетти. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, Индонезия бийлиги жер титирөөдөн кийин Сулавеси провинциясына өзгөчө абал киргизген. Аталган аймакка палаткалар, жылуу одеяло, бет кап жана башка керектүү жабдыктар жеткирилген.

Эске салсак, Индонезиянын Мамуджу шаарына жакын Сулавеси провинциясында 14-январда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан 78 адам каза болуп, 15 миңге чукул адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан