Жалал-Абад облусунда бир аптада 19 мас айдоочу кармалды. Бул тууралу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында 9-январдан 16-январга чейинки бир апта аралыгында жалпы 1330 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган. Анын ичинен 19 айдоочу унааларын мас абалында, 451 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 11 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн кармалган.
Ошондой эле башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 819 айдоочуга протокол түзүлгөн. Жалпы 102 автоунаа атайын айып короого токтотулган.
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоону эскертет.