Кечээ, 17-январда Түндүк Африкадагы Сахара чөлүнө кар жаады. Алжирдеги Айн-Сефра шаарынын Сахара чөлү аппак карга бөлөндү. Жергиликтүү фотограф Карим Боучетата адаттан тыш көрүнүштү тартууга жетишип, социалдык баракчасына жарыялады.
Алжирде температура 10-январда тез төмөндөп, 13-январда нөлдөн төмөн түшкөн. Кардын жаашы бул чөлдө дээрлик кездешпеген көрүнүш эмес. 2016-жылдан бери жыл сайын кышкысын жука кар жааган учурлар болууда. Жергиликтүүлөр үчүн таң калыштуу болгон жаратылыш кубулушун социалдык тармактарга бөлүшүп келишет.