"Эки облус кызыл зонага кирди". Казакстанда акыркы сутка ичинде миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы сутка ичинде 1 миң 3 адамдан коронавирус аныкталганын жергиликтүү расмий маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда ооруну жуктуруп алгандардын эң көбү Нур-Султан шаарында жана Павлодар облусунда катталган.

Буга байланыштуу Казакстандын Атырау жана Павлодар облустары коронавирус боюнча кызыл зонага киргизилгени маалымдалат.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 17-январына карата коңшу өлкөдө бир сутка ичинде коронавирустан улам 15 адам, пневмониядан 4 адам каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан