Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрү "Global Firepower" компаниясы түзгөн армиялардын рейтингинде 138 өлкөнүн ичинен 93-орунга жайгашты. Мындай маалымат аталган компаниянын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, рейтинг болжол менен 50 факторду эске алуу менен түзүлөт. Алар: аскер кызматына жарактуу адамдардын саны, армияга мамлекеттик чыгымдардын көлөмү, абадан коргонуу жана башка көптөгөн критерийлер.
Түзүлгөн рейтингдин сап башын АКШ ээледи. Орусия экинчиге жайгашса Кытай үчүнчү орунда.
Коңшу өлкөлөрдүн ичинен: Өзбекстан (51-орун), Казакстан (62-орун) жана Тажикстан (99-орун) жайгашышты.