Эркиндикте экенин унутуп калгандай. 20 жылдан кийин эркиндикке коё берилген аюунун окуясы көпчүлүктүн көңүлүн бурду

Румыниянын Пьятра-Нямц шаарындагы зоопарктардын биринде 20 жылдан бери темир тор артында жашап, эми гана эркиндикке коё берилген Ина аттуу аюунун абалы социалдык тармактын колдонуучуларынын көңүлүн өзүнө бурду.

Видеодо көрүнүп тургандай Ина эркиндикте болсо да көнүп калган адат менен өзүн кичинекей темир тор артындагы аянтчасындай элестетип айланып гана баса берет.

Жаратылышты жана жаныбарларды коргоо уюмунун адистеринин айтымында, аюу эс-тутумунда калган иш-аракетин жасап жатат. Ал эркиндикке көнүш үчүн дагы көп убакыт талап кылынат.

Жаратылышта аюулар негизинен 20-30 жыл жашашат.

Боштондукта жүргөнүн унутуп калгандай
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beka1986
2021-01-18 17:50:46
Байкуш
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан