Токмокто өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүмдүн жактоочусу Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жашы жете элек кызды өгөй атасы тарабынан зордуктоо фактысы боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен кайрылдым. Кайрылуумдун себеби, кыздын апасы өгөй атасы тарапта. Бул боюнча Токмок РИИБине арыз жазылган, кийин кызды социалдык коргоочулар анын бардык көрсөтмөлөрүн жашыруу максатында психиатриялык клиникага жаткырышкан.
Жаңы жылдык каникул учурунда кызды өгөй атасынын апасы, андан кийин кыздын өз апасы алып кеткен. Жабырлануучу кыз өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, мындан ары менин жардамым керек эместигин билдирген. Кыздын апасы болсо тосмо арыз жазгысы келип жүрөт.
Кыз акыл-эси жайында деген тыянак менен психикалык ооруканадан чыгарылган. Эми мен жабырлануучуну коргоого укугум жок, анткени тергөөчү менден расмий түрдө баш тарткан. Мен жабырлануучу кызды коргоодо сизден жардам сурайм жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазалооңузду суранам", - деп жазылат кайрылууда.
Окуянын чоо-жайы:
19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.
Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.
SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген болчу.