"Ош Электр" ААКтын жооптуу адамдары мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча "Ош Электр" ААКга карата сотко чейинки өндүрүш башталды.
"Аталган ААКтын жооптуу адамдары Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, (аянты 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, жалпы аянты 619,66 чарчы метр болгон административдик имаратты сатышкан). Энергия сатуунун мурунку административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышканы аныкталды (болжол менен 100 миң АКШ доллары). Аны сатуу учурундагы ушул сыяктуу жер участогунун орточо базар баасы 1 сотук жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн. Ошентип "Ош Электр" ААКтын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Учурда "Ош Электр" ААКтын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.