ИИМдин криминалдык милициясы аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды таратуу менен алектенген топтун мүчөлөрүн кармашты.
2020-жылдын декабрь айынын аягында кызматкерлерге баңгизаттарды таратуу менен алектенип жана аны сатууга кардарларды издеп жаткан жаран боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
2021-жылдын январь айынын башында аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери гашиш баңгизатын саткан бир нече фактыны аныктаган. Тиешелүү бардык материалдарды жана далилдерди топтогон соң шектүүлөрдү кармоо боюнча операцияны жүргүзүшкөн.
6-январь күнү Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен 1992-жылы туулган К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы Форд-Мондео үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизатты сатуудан түшкөн 3 миң сом акча каражаты табылган. К.А. аттуу жарандан табылган акча ыкчам-издөө иш-чараларында колдонулган акчанын номерине дал келген.
Ошол эле күнү Ош шаарында баңгизаттар менен алектенген уюшулган топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1978-жылы туулган Д.К. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда жашырып койгон жеринен сатууга атайын дозалары менен даярдалган баңгизаттар табылып алынган. Жалпысынан салмагы 40 грамм болгон өзгөчө жыты бар 7 баштыкка салынган жана ширеңкенин эки кутусуна салынган заттар табылган.
Ошондой эле, шектүүдөн баңгизатты сатуудан алган мурда белгиленген 5000 сом акча каражаты табылды. Андан сырткары уруксат берүүчү документтери жок болжол менен газтравматикалык тапанча табылган. Соттук-химиялык экспертизанын маалыматына ылайык табылып алынган заттар 24,53 грамм гашиш жана 5,94 грамм марихуана экендиги аныкталды. Кармалган жарандар камакка алынган.