Дональд Трампты америкалыктардын көпчүлүк пайызы тарыхтагы эң начар президент деп эсептешет

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты көпчүлүк америкалыктар тарыхтагы эң начар президенттердин бири деп аташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Дональд Трампты америкалыктардын 60 пайызы тарыхтагы эң начар президент деп эсептешти. Муну америкалык ММКлар сурамжылоо жүргүзүп, анын натыйжалары ушундай кылып көрсөткөн. Анда өлкөнүн 16 пайызы аны мыкты мамлекет башчы деп аташса, дагы 11 пайызы орточо баа беришкен.

"Сурамжылоолордун негизинде демократиялык көз караштагы жарандардын 90 пайыздан ашыгы Трампты "жаман" деп аташкан. Мындан тышкары, 2020-жылдын февраль айынан баштап, өлкө туура багытта баратат деп эсептеген америкалыктардын саны кескин кыскарган. Бир жыл мурун жарандардын 40 пайыздан ашыгы президенттин ишин жакшы деп колдошсо, азыр 20 пайызга түшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 20-январда АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп президенттик мандатын Жо Байденге өткөрүп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан