2020-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын аймагында балдар катышкан жол транспорт кырсыктарынын саны 2019-жылга салыштырмалуу кыскарган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын жыйынтыгы менен балдар катышкан 354 жол кырсыгы катталып, 2019-жылга салыштырмалуу 228ге азайган.
"2020-жылы жол кырсыгынан 412 бала ар кандай жаракаттарды алса, 8 бала жол кырсыгынан көз жумган", - деп билдирди басма сөз кызматы.