Биз социалдык тармакта

БШК Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп шайланды деп жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп шайланды деп жарыялады. Бул тууралуу БШКнын мүчөлөрү бүгүн, 20-январда өткөн жыйынында токтом кабыл алышты.

Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев бул боюнча баяндама жасады. "54 аймактык шайлоо комиссиясы жана 2 миң 474 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын чыгарып берди. Бул протоколго өзүңүздөргө белгилүү болгондой 8 шайлоо тилкелеринин протоколдору киргизилген жок", - дейт ал.

Садыр Жапаров шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алды. Ага 79.02 пайыз шайлоочу добуш берген (1 миллион 105 миң 248 добуш берилди).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pankration_MMA
2021-01-20 21:58:40
90% болуш керек эле!
+5
Jalal76
2021-01-20 22:10:09
Эми тезинен иштеш керек, бут нерсе кымбаттап жатат.
+18
Ahunov
2021-01-20 23:59:14
Эч нерсе өзгөрбөйт барибир өзгөрсө эмгиче өзгөрүш керек эле ишенбей деле калдым эч кимисине
+4
men
2021-01-21 06:44:16
Ahunov,буюрса озгорот. Жакшы тилек кылалы. Жапаров сыйкырчы эмес!!!
+8
oopapa
2021-01-21 09:47:28
Жакшы ниет жарым ырыс. Оз созундо айткандай эл учун жер учун иштебесе ата-энесинин, баласынын арбагы кечирбес.
+8
Nurtilek82
2021-01-21 11:37:26
Садыр авабызды шайлап алдык буюрса С.Каримованы ишке киргизип Анжеликаны эрге берип алсак заживём кудай кааласа иншаллах.
+2
Sagin-85
2021-01-21 12:10:21
Каякта иштейт ишенип отрасынарбы дагылё болду элди унуткан давноле аэропортто элдин канын ичип атат коз жумуп отурушатго наборот жумушсуздарды баарын россияга кулчулукка жонотолу россия менен суйлошуп деп
-1
asylbekova
2021-01-21 12:25:20
Sagin-85,Аны Акылбек Жапаров айтты
Негизи ниетинерди туз кылып, жакшы нерсе ойлосонор жакшы болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан