Жо Байден АКШнын 46-президенти катары ант берди

Бүгүн, 20-январда Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө АКШнын жаңы президенти Жо Байден менен жаңы шайланган вице-президент Камала Харрис экөө ант берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жо Байден оң колун жогору көтөрүп, сол колун инжилге коюп, мамлекет алдында ак дилден кызмат кылууга, Конституцияны коргоого ант берди. Ал арада Камала Харрис да колун инжилге коюп, вице-президент катары ант берди.

"Мен, Жозеф Робинет Байден, салтанаттуу түрдө АКШнын президенттик кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Конституцияны кайтарууга жана коргоого болгон күчүмдү жумшайм деп ант берем", - деп билдирди ал.

Ошондой эле ал элди биримдикке чакырып, ар бир АКШ элинин президенти болууга убада берди. Ага добуш бергендердин да, добуш бербегендердин да кызыкчылыктарын тегиз коргой турганын белгиледи.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Добуштардын саны боюнча Жо Байден алдыга чыгып, ал өзүн жеңүүчү деп атаганы менен, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп оппонентинин жеңишин алгачкы күндөрү кабыл албай, сотко кайрылганы жазылган.

Ага карабастан Жо Байден керектүү добуш топтоп, жеңишке жетишкендигин көпчүлүк басылмалар жазып чыгышкан. Мындан тышкары көптөгөн дүйнөлүк лидерлер аны жеңиши менен куттукташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан