АКШнын президенти Жо Байден мурдагы өлкө башчысы Дональд Трамптын чечимдерин жокко чыгарган 17 указга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, алардын арасында Азия жана Африка чөлкөмдөрүндөгү мусулмандар басымдуулук кылган өлкөлөрдүн жарандарын АКШга киргизүүнү чектөө чечими да бар.
Кыргыз өлкөсүнүн жана башка бир топ өлкөлөрдүн жарандарын АКШга болгон миграциясын чектөө боюнча указ 2020-жылдын февраль айында күчүнө кирген.
"Трамптын мындай чечими көбүнчө мусулман өлкөлөрүнө тиешелүү болуп, анын улутчулдугунан жана ак түстүү калктын колдоосуна ээ болууга аракет кылгандыгынан кабар берет", - деп жазылат маалыматта.