Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, ант берүү салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Учурда инагурацияга даярдык көрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитетти Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өттү. Шайлоонун расмий жыйынтыгын БШК кечээ, 20-январда чыгарды. Садыр Жапаров шайлоочулардын дээрлик 80 пайыз добушуна ээ болду.