Биз социалдык тармакта

Президенттин ант берүү аземине карата даярдык. Бишкектин айрым көчөлөрүндө транспорт каттамдарынын жүрүшү токтотулуп, кайра калыбына келтирилди

Бишкекте 28-январда өтүүчү президенттин ант берүү аземине байланыштуу даярдыктар көрүлүүдө. Мындан улам шаардын айрым борбордук көчөлөрүндө транспорт каттамдарынын жүрүшү убактылуу токтотулуп, кайра калыбына келтирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Милициянын кайгуул кызматкерлери президенттин ант берүү аземине даярдануу менен бирге коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барышууда.
"Манас жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинде даярдыктар жүрүп жатат. Түштөн кийин да даярдыктар улантылат",- дешти аталган мекемеден.
Кыргыз Республикасынын президентинин ант берүү аземи 28-январда өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан