"ЗиЛ" эс алуу базасындагы чет элдик жарандын сабалышы боюнча милициянын жообу

"ЗиЛ" тоо-лыжа эс алуу базасында пакистандык жарандын сабалышы боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-явнарь күнү Ысык-Ата райондук милициясына эс алуу жайда жаңжал болуп жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары барганда 2000-жылы туулган З.А. аттуу чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылган.

Чет өлкөлүк жарандын арызынын негизинде милиция кызматкерлери жаңжалдын бир катышуучусун аныкташкан. "17-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында аталган базада чет элдик жарандын жеке буюмдары менен эс алып жаткан балдардын буюмдары аралашып кеткендигинен улам чыр чыккан. Чырдын кесепетинен чет өлкөлүк жаран денесинен бир нече жолу жаракат алган. Учурда аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетке "ЗиЛ" тоо-лыжа эс алуу жайында пакистандык жарандын сабалгандыгы боюнча видео жарыяланган. Ал тасмадан эки жигиттин белгисиз жаранды ур-тепкиге алып жаткандыгын көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан