Ош шаарында коронавируска каршы күрөшүүгө дары-дармектер менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 21-январда Ош шаардык дарыканаларында фармацевтикалык компаниялардын жана дарыканалардын жетекчилери менен COVID-19 жана пневмония ооруларын дарылоочу дары-дармектер менен камсыз кылуу маселесин талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармектер жана медициналык шаймандар департаментинин түштүк филиалынын директору Садвар Кутбаева, шаардык саламаттыкты сактоо тутумунун, ММК Фондунун жетекчилери жана дарыкана тармактарынын жетекчилери менен өкүлдөрү, монополияга каршы күрөшүү кызматынын каржы полициясынын өкүлдөрү катышкан иш-чара болуп өттү.

"Талкуу учурунда фармацевтикалык компаниялар калкты керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу аракетинде бир катар көйгөйлүү маселелерди жана милдеттерди көтөрүп, дары-дармек каражаттарын сертификациялоо, ушул жылдын башынан тарта бажы төлөмдөрүн көбөйтүү, дары-дармектерди жеткирүү убактысын, АКШ долларынын жана евронун курсунун жогорулашына, мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди жок кылууга, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө базардын көлөмүнүн төмөндүгүнө байланыштуу баалардын өсүшү тууралуу маселелер каралды. Ошондой эле Шадыханов бардык тийиштүү органдарга жана башка фармацевтикалык компаниялар менен жарандарды коронавируска каршы дары-дармектер менен камсыздоону координациялоону күчөтүүнү жана бул жаатта монополияга жол бербөөнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

Вице-мэр фармацевтикалык ишканаларга жана дарыканаларга уруксатсыз текшерүү жүргүзүлгөн учурда акыйкатчы Ош шаарынын мэриясы баш болгон тиешелүү органдарга кайрылышы керектигин, алар
комиссиянын ар бир мыйзамсыз текшерүүсүн карап чыгарын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан