"Мигрант десе түшүндө тоодо жылкы айдап, кыр-кырдан кыйкырып баратып ойгонуп, жумушуна жөнөп кеткен адамды элестетем" дейт Кореяда эмгектенип жүргөн кыргыз жигити (маек)

SUPER.KG порталы алыста жүргөн мекендештердин бейнеси, учурдагы абалын, аталган өлкөдөн алган таасирлери жөнүндө баяндап берүүнү улантат.

Бул жолку каарманыбыз Юруслан Азимжанов канчалык кооз, өнүккөн, бай өлкөдө жүрсө дагы кыргыз тоолоруна жетпегенин, 2 жыл Түштүк Кореяда жүрүп көкүрөктө мекенге болгон сагыныч, өлкө бурулуш учурунда турганын көрүп, ага жардам бере албай алыста жүргөндүгүн SUPER.KG порталына айтып берди.

Юруслан Азимжанов 1995-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинин суу техникаларын куруу адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Мындан сырткары каарманыбыз бала чагы ошол бейиштин бир бурчундай, алаканга салса батчудай болгон элеттин коюнунда, чечен сүйлөгөн адамдардын арасында, жайкысын бээ байлап, кулун агытып тоо кучагында өткөнүн айтып өттү. Учурда Юруслан Азимжанов Түштүк Кореяда эмгектенип келет.

- Кореянын кайсы шаарында эмгектенип жатасыз? Ал жакка барганыңызга канча жыл болду?

- Учурда Түштүк Кореянын Инчон шаарында эмгектенип жатам. Мекендин суусун ичип, абасын жыттай элегиме 2 жыл болду.

- Ал жакка кандай жолдор менен барып калдыңыз эле? Кореяда жүргөн мекендештерибиздин дээрлик көпчүлүгү атайын программалар менен барабы?

- Корея мамлекети 16 өлкө менен эмгек келишимин түзгөн. Анын ичинде биздин Кыргыз өлкөсү дагы бар. Ал келишим Eps деген программа аркылуу ишке ашат. Жыл сайын бир жолу сынак (тил, жөндөм, ден соолук) алып, өткөндөрдү бул жактагы фирмалар келишим түзүп чакырышат. 2018-жылы Түштүк Корея мамлекетинен жумуш боюнча келишим келип, бул жакка келгем. Ооба, көпчүлүгү 70-80 пайыз Eps программасы аркылуу келишет. Андан сырткары орус жарандыгын алып келгендер дагы бар (визасы жок кире алышат). Ал эми башка бөлүгүн студенттер түзүшөт.

- Ал жакта эмне жумуш кыласыз?

- Айнек чыгаруучу заводдо иштейм. Терезеге коюла турган айнектерди даярдайбыз.

- Кореяда кыргыз мекендештердин башын бириктирген уюм барбы? Эгер болсо алар менен жолугуп турасыздарбы?

- Ооба, кыргыздар өзүбүзгө тиешелүү майрамдарда жолугуп турабыз. Бирок вируска байланыштуу көптөн бери андай жолугушуулар боло элек.

- Акыркы убактарда сизди бушайман кылган нерселер эмне?

- Мага ушул учур мамлекетибиз тарыхый бир өзгөрүүнүн босогосунда тургандай туюлат. Ар бир акылы тунук адам муну түшүнүп, саясат болобу, маданият болобу, адам өзүнүн аң-сезимин өзгөртүү жаатындабы өз салымын кошуп, бир улуу жарышта бара жатышат деп ойлойм. Мени бушайман кылган - ушул жарышта кайсы жердемин, киммин, эмне кылышым керек деген суроо.
- Ата-журтка болгон сагыныч, кусалык чоң болсо керек...
- Ооба, чыныгы сагыныч, чыныгы кусалык кандай болорун бүт денем менен туюп жүрөм. Курманжан датка энебиздин уулу Абдылдабектин ата-журтунан алыс калган абалын кайсы бир деңгээлде түшүндүм десем туура болор.

- Эгер бакыттын сүрөтү болсо, анда ал жерде эмнени көргүңүз келет?

- Эгер андай болсо, ал сүрөттүн ортосунда ата-энем жана ата-журт турат деп элестетем. Бул сөз кандай гана жөнөкөй угулбасын бакыт мен үчүн ошол нерседен башталат.
- Ыр жазып жүргөнүңүздөн кабарыбыз бар. Ыр жыйнагыңыз чыкты беле?
- Ыр жыйнагым чыга элек, бирок кээде кагаз кармап ыр курап жүрөм.
Тоолорум
Оо тоолорум, турасыңар көк тиреп,
Караныңар көөдөнүмдү көптүрөт.
Кырыңардан бүт ааламга көз салам,
Чокуңардан асман бетин өпкүлөп.
Тоо этекте бейпил жашоо кечирем,
Тоого чыксам көккө колум жетти дейм.
Тоодой намыс, тоодой максат артынып,
Тоодой бактым болсо экен деп тилейм.
Тоолор биздин урабаган тактыбыз,
Кудай бизге сакчы кылып кургандай.
Алаканын жайып алып коктулар,
Жараткандан бата тилеп тургандай.
Тоолорум эх өзүңөрдө көгөрөм,
Көркүңөрдөн көп бакытка бөлөнөм.
Тагдырымдан аласалып жыгылсам,
Бооруңарга, жонуңарга жөлөнөм.
Жүрөгүмдө нечен ойлор теминет,
Тоо боорунанда далай тагдыр кезигет.
Бир кездерде бул дүйнөдөн узаган,
Тоолор мага ата-энемдей сезилет.
* * *
Бүрдөп канча, канча жолу күбүлөм,
Биз бир кезде, бүтүн эле дүнүйөм.
Бир болбогон үчүн көпкө өкүнсөм,
Бул дүйнөдө барың үчүн сүйүнөм.
Сынып канча, канча жолу куралам,
Сагынуудан саргайам да кубарам.
Таалайыма кайтып кайра келгенсип,
Түштөн көрсөм көрүшкөндөй кубанам.
Күйүп канча, канча жолу өчөмүн,
Күйүт менен канча күндү кечемин.
Сени эстесем жыргап алып өзүмчө,
Сени эстесем кээде жашып кетемин...
* * *
Эстеп сени мөгдөйм негедир,
Эссиз жандай болом кээде бир.
Ортобузга жолдор арачы,
Ортобузду бөлөт нече миль.
Сары санаа койбой мени тим,
Айтылса да сезим кеби миң.
Мен да күттүм суусап өзүңө,
Сен да күттүң кургап эриниң.
- Корей элинин маданиятын, салт-санаасын, тилин, элин көрүп, кыргызда ушул (кандайдыр бир сапат) болсо жакшы болмок эле деген ойго салган учурлар болобу?
- Ар бир өлкөнүн жакшы жана жаман жагы бар эмеспи. Кореянын жакшы жактарынан бир аз кеп кылып берейин. Бул жакта мыйзам иштегенин кадимкидей көрөсүң, президенттик бийлик менен сот бийлиги тең укуктуу. Мыйзам алдында баары бирдей. Шаарлары таза жана жашоого өтө ыңгайлуу. Дагы бир жөнөкөй эле өзгөчөлүгү корей эли тапкан акчасын билимге жана саякатка сарпташат. Айтор, айта берсем көп эле. Кыргыз өлкөсүндө тойго ысырап кылган акчаны эле өзүбүздүн же балдарыбыздын билимине жумшай турган болсок чоң өзгөрүүлөр болмок деп ойлойм. Бул ушунчалык жөнөкөй нерсе, бирок эч ким кылган жери жок. Ылайым элибиз тойго эмес, ойго (акылга) инвестиция кылган эл болсун!
- Мигрант деген сөздү укканда көз алдыңызга келген элестер...
- Бөтөн жерде күндүн чыгышы да башка. Мигрант десе жаңы гана жылуу төшөгүнөн ойгонуп жана түшүндө тоодо жылкы айдап, кыр-кырдан кыйкырып баратып ойгонуп кеткен. Же болбосо апасынын маңдайында жылуу тамагын жеп "жей гой, балам" деген бал сөзүн толук укпай көзү ачылган же балким сүйгөнү менен шаардын бир сейил багында отуруп чачын бир сылап жыттап алгыча будильник шыңгырап, шашып ойгонуп, баарына айтып бере алгыс кусалык, сагынычты көтөрүп алып алардын амандыгын тилеп, Кудайга миң жалынып жатып жумушуна жөнөгөн адамды элестетем.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аман-эсен мекениңизге келип алыңыз!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан