Өлкөгө мыйзамсыз уюлдук телефондорду ташып келген жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Б.И.Ф. аттуу тургунунун башкаруусундагы Мерседес Бенц-1223 үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатына бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 350 даана уюлдук телефон табылды. Кармалган товарлардын жалпы наркы 545 миң сомду түзөт.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.