"Вакцина боюнча азыркы кезде уюм бизге муздаткычтарды бекер берип жатат. Биринчи бизде 15 миң доза берилет деп айтылып жаткан, азыркы учурда сүйлөшүүлөр боюнча 1 миллион 200 дозаны июнь айларында бекер муздаткычтары менен кошо берет. Экинчиден, биз каржы министрине билдирдик, Орусиянын муздаткычы келип калса, ал 2 градустан 18 градуска чейин кармайт экен. Ага биз өзүбүздүн суммада канча акча кетерин бердик, финансы министри буга макул болду. Акча бар деди", - деп билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Кыргыз өлкөсү "Pfizer" вакцинасынан баш тартарын, мунун себебин ал вакцинаны сактай турган атайын муздаткычтар жоктугу менен түшүндүргөн. Аталган вакцина -70 градуста кармалып турушу керектигин, бизде андай муздаткычтар жоктугу айтылган.