Чыгармачылыкка аралашканына дээрлик 23 жыл болгон Ильяз Абдыразаков бүгүн 33 жашка толду

Сахнада жүргөнүнө дээрлик 23 жыл болгон эстрада ырчысы Ильяз Абдыразаков бүгүн, 21-январда 33 жашка толду. Ырчы туулган күнүн жакындары менен тосуп жатканын айтты.

"Туулган күнүмдү үй-бүлөм, досторум менен биргеликте тар чөйрөдө өткөрөм. Чоң салтанат кылууну пландаган жокмун. Куттуктоолор 21-январга караган түнү эле башталды", - дейт ал.

Ильяз Абдыразаков 1988-жылы Баткендин Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Анткени экөө тең музыкага жакын адамдар болгон. Атасы гитарада жакшы ойносо, ал эми апасы убагында мектепте музыкадан сабак берген.

Ильяз кичинесинен ыр жандуу болуп, өз алдынча обон чыгарууга аракеттенип жүргөнүн маектеринин биринде айтканы бар. Ошол кызыгуусу түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга аралаша баштаган. Бир концертте аранжировщик Мирлан Ниязов менен таанышып калып, аны ээрчип шаарга келе берген. Ошентип аранжировка боюнча алгачкы сабактарды ала баштаган. Кийин Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов менен "Санат" тобунда иштеп, ырдап калат. Топко караганда жеке чыгуу оңой экенин байкап, өз алдынча иштей баштаган. Өз өнөрү менен көптөгөн хит ырларды жараткан Ильяз Абдыразаков кыргыз эстрадасында өз ордун таап, атагы коңшу өлкөлөргө да тараган. Азыркы учурда анын ырларынын көбүн казак ырчылары которуп ырдап жүрүшөт. Жазган ыр, обондорунун санын эсептеген эмес.

Сахнага алгачкы жолу 1998-жылы Ошто Абдумалик Шерматов менен биргеликте 5 күндүк концертте чыккан. Ал маектеринин биринде: "Ырчылык кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Анткени өзүмдү кеңседе отуруп алып иштеген кызматкер катары элестете албайм", - деген.

Ырчы 2010-жылы Медина аттуу сулууга баш кошкон. Учурда жубайлар 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.

Белгилей кетсек, Ильяз Абдыразаков "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировкачысы", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси болгон.

21-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nazira...
2021-01-21 19:11:21
Өлө жагат ушу бала, молодец. Башкаларга окшоп өзүн эч качан пиарлабайт,Өнөрүнү твртуулап, жаны ырларды ырдап чыга бер. Бвлдарын менен бактылуу бол. Сен эл артиси наамына татыктуусун. Изденип иштей бер, буюрса болот баары.
+12
nazira...
2021-01-21 19:17:06
Наркы шайтандын сөздөрүн айтып сөгүнгөн балдардан алыс жүр, сенин кругундагы балдар эмес. Ийгилик ишине.
+8
PFC-CSKA
2021-01-21 20:20:01
Чыныгы мааданият адамы! туулган кунун менен!Ден соолукта бол!
+7
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-01-21 20:29:17
Кызы красавица экен.Бактылуу болуңуз.
+6
Lordbek
2021-01-21 20:36:08
Азыркы ырчылардан кыйла өйдөө заманга жараша болот экен ырчылар да
+7
Kari
2021-01-21 23:36:46
Соз таппай каламын да ушундай.Бир башкача адам да.Онору,таланты,жылмайып кулгону,уну,обону баары баары адамды озуно тартып турган озгочо инсан да.Мен атасын билет элем,онорлуу инсан эле.Уй булоон менен бактылуу бол.Таланттын ташкындай берсин.
+5
Almankg
2021-01-22 00:18:32
Kari,Туулган кунун менен
+4
orun
2021-01-22 03:51:09
Almankg, Kari нин туулган күнү эмес да, Иляз Абдразаковдун туулган күнү.
+2
Almankg
2021-01-22 00:17:23
Азаматсын туулган кунун менен
+4
erkekyz1
2021-01-22 09:06:06
Бир кездерде мен сүйгөн, мен жактырган ырчы жигит, туулган күнүңүз менен. Үй-бүлөөңүз менен ар дайым бактылуу, ден соолукта болуңуз!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан