Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова директор болуп дайындалган Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кызматкерлери жаңы жетекчиге каршы акцияга чыгышкан. Ага улай эле ырчы колдоо көрсөтүп жаткан биринчи курстун стденттеринин видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анда студенттер окуу жайда көптөгөн шарттар жок экенин, алар жаңы директорду колдой турганын, ал жакшы шарттарды түзүп берерин айтышат.
Кийинчерээк, музыкалык окуу жайдын жатаканасында жашаган студенттер да чогулушуп, өздөрүнүн пикирлерин айтып чыгышты. Алар директорлук кызмат окуубузга таасирин тийгизбеши керек дешет. Ошондой эле студенттер тигил же бул адам директор болсун деп тандабай турганын, эң башкысы билим алсак деген ниетин билдиришти.
Жаралып жаткан нааразычылыктардан кийин Самара Каримова социалдык тармактагы баракчасына дагы бир видео жүктөдү. Анда фортепиано бөлүмүндө иштей турганын айтып, өзүн Айнура Жакыпова деп тааныштырган мугалим мыйзамды колдоорун, жаңы директордун кызматка келишин мыйзамдуу деп эсептейт. Ал айрым кесиптештерине кайрылып, мыйзамды бузбоого чакырганын айтат.
Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.
Кийинчерээк, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу, Биринчи Май райондук сотунун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.