Садыр Жапаров ант берүү аземине 10 миллион сом коротууга, жолдорду жабууга тыюу салды

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 миллион сом коротуу пландалганы белгилүү болду.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, алгач иш-чарага 15 миллион сом бөлүү каралган. Бирок, аталган сумма кыскартылып, 10 миллион сомго түшүрүлгөн.

Мындай маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк интернет колдонуучулары пандемия шартында чоң суммада акча каражатын сарптоо ылайыксыз экенин белгилеп, каршылыгын билдиришти.

Садыр Жапаровдун тарапташы Адинай Марипова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы шайланган өлкө башчысы инагурацияга 10 миллион сом сарпталышына каршы экендигин жазып чыкты.

"Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Мындан сырткары ал президенттик кызматка киришкенден кийин Кайгуул кызматынын коштоосунан баш тартып, жол жапканды токтотот", - деп жазды Марипова.

"Вице-мэр шаардык таштандыга жумшалган каражат боюнча прокуратурага арыз жазды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bond02
2021-01-22 10:22:23
Айдаганын беш эчки ышкырыгын таш жарат.
+8
zhaynak
2021-01-22 10:45:14
Эн сонун! Ушинтип турса да колдобосок, анда мындан башкача башчы жизнь жакпайт бизге.
Ушуну иштетели эми. Бакиевтин баркына жетпегендей, Садыр Жапаровту да сындасак, анда кор болобуз го
+17
Jelezo
2021-01-22 12:46:06
zhaynak, Бакиевди кошпой эле кой,анын ар бир инисин,инилеринин жаш аялдарын спецназдын балдары кайтарчуу эгер жалган десе азыр интернет аркылуу жалган деп айтып чыгышсын.
-10
zhaynak
2021-01-22 13:10:12
Jelezo,макул айтып коём Бакиевке.
Ойлоп журосун да а Бакиевти кетирип Атамбаевти алып келген кадам Кыргыз тарыхында эн туура кадам болгон деп.
+3
suban78
2021-01-22 10:59:37
Азаматсын Садыр. Ийгилик. Элибизди котор эми. Кийин неберелерибизге мактап айтып журо турган бололу
+6
TIMON_BERKOWITZ
2021-01-22 11:12:38
Кечээ эле катуу сындадым эле жол жабылганына диним келип. Бүгүн күнөөсүн мойнуна алып, түздөгүсу келгени мени абдан кубандырды. Азаматсыз президент мырза!
+5
Ergeshev.77
2021-01-22 11:25:03
Элдик кабарды окуйсунбу Адинай пробка бир сааттан ашыкча болгонун мен Садырга каршы эмесмин сага окшогон жалганчыларга ксршымын
+2
Ergeshev.77
2021-01-22 11:25:17
Каршымын
0
Raihan0602
2021-01-22 11:25:37
Кудайдын кулагы сүйүнсүн жакшы тилек жарым ырыс тилегенибиз жакшылык
+7
Janyl98
2021-01-22 12:18:04
Кыргызстан дагы эки кадам артка кетти. Анткени популист президент келди
-7
Malik92
2021-01-22 13:03:37
Janyl98,чычкан тенирчи арстанын келиш керек беле ? тенричилерге Кыргызстанда орун жок.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан