Биз социалдык тармакта

Эльвира Сурабалдиева: "Вакцина сактоочу муздаткычтарды USAID бизге бекер берет деп министр жаңылыш маалымат тараткан"

Коронавируска каршы вакциналарды сактоо үчүн USAID уюму Кыргыз өлкөсүнө муздаткычтарды сатып бербейт. Бул тууралуу вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин ойлонбой айткан сөзү үчүн кечирим сурайт. USAID муздаткычтар боюнча өз кызматын сунуштаган эмес. Саламаттыкты сактоо министри жаңылган", - деп жазды Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, кечээ 21-январда USAID уюму Кыргыз өлкөсүнө америкалык "Pfizer" вакцинасын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды бере тургандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айткан.

"Вакцина боюнча азыркы кезде уюм бизге муздаткычтарды бекер берип жатат. Биринчи бизде 15 миң доза берилет деп айтылып жаткан, азыркы учурда сүйлөшүүлөр боюнча 1 миллион 200 дозаны июнь айларында бекер муздаткычтары менен кошо берет. Экинчиден, биз каржы министрине билдирдик, Орусиянын муздаткычы келип калса, ал 2 градустан 18 градуска чейин кармайт экен. Ага биз өзүбүздүн суммада канча акча кетерин бердик, финансы министри буга макул болду. Акча бар деди", - деп билдирген Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
JaneEr
2021-01-22 12:15:32
Даны деле лапша илмейби?
+3
Janyl98
2021-01-22 12:38:39
Эльвира абдан мыкты, билимдуу, орус тилин мыкты билген адам. Ушундай аялдарды жамандабай, аял киши болгону учун басмырлабай тескерсинче которолук.
0
bbek
2021-01-22 14:29:10
Элвираны суйом да мыкты аял
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан