Бүгүн, 22-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов манасчы Дөөлөт Сыдыков, журналист Элнура Кулиева жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун алкагында вице-мэр коомчулук арасында көөнөрбөс Манас дүйнөсү тууралуу жайылтып жаткан жакшы саамалык үчүн ыраазычылык билдирип, колдоого аларлык демилгелер үчүн Ош шаарынын мэриясы ар дайым даяр экендигин кошумчалады.
"Ага улай уюштуруучулар Ноорузга карата Ош шаарында 3 күндүк Манас айтууну жана "Сүмөлөк" фестивалын өткөрүү боюнча пландар менен ой бөлүшүштү",- деп жазылат маалыматта.