"329 миллион евро турган кеңсе, каргалардан таштанды талашкан адамдар". Бишкек шаарындагы таштанды полигонунан репортаж

Бүгүн, 22-январда Бишкек шаардык санитардык полигонуна пресс-тур уюштурулду. Пресс-турду журналисттер үчүн Бишкек шаардык мэриясы уюштуруп, ал вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин башчылыгында өттү.

Пресс-тур таштанды полигонунун кире беришиндеги келген жүктөрдүн салмагын өлчөөчү көзөмөл-өткөрүү пунктунан башталды. Ал жерде келгендерди "Бишкек санитардык полигонунун" директору Адил Назаров тосуп алып, полигондо жасалып жаткан иштер менен тааныштырды.

Эске салсак, Адил Назаров мурда "Тазалык" ишканасынын башчысынын орун басары болуп иштеген. "Бишкек санитардык полигонунун" директору" болуп быйыл 15-январда дайындалган.

Анын айтымында, шаардык таштанды полигонуна бир сутка ичинде болжол менен 500 таштанды ташуучу унаа кирип чыгат. Ал эми полигондун аймагына кирген таштандынын орточо көлөмү 1000 тоннаны түзөт. Директор бул жакка кирген унаалар сөзсүз түрдө контролдук салмак өлчөөчү пункттан өтөрүн айтты.

"Унаалардагы таштандынын көлөмү тараза менен ченелет. Эсеп тонна менен жүргүзүлөт. Контролдук салмак өлчөөчү пункттан айдоочуга талон берилет. Андан кийин гана унаа полигондун аймагына кирет. Бул жак мурда кээ бир айдоочулар жүгүн тараза түшүрбөй, талон албай кирип кеткен учурлар болуп келиптир. Анын натыйжасында мамлекеттин эсебине кетчү акчалар орто жолдо жок болуп, жетпей калчу экен. Учурда бул жерде персоналдын 70 пайызы алмаштырылды. Аз айлык болсо дагы, калыс, таза иштеп берели деп жатабыз. Көзөмөлдү күчөткөндөн бери бул жакка кирген таштандынын көлөмү 10-15 пайызга көбөйдү", - деди Назаров.

Мындан тышкары таштанды полигону үчүн 2015-жылы "Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы" тарабынан бөлүнгөн 22 миллион евро тууралуу маалымат берилди.

"22 миллион евронун 11 миллиону грант, 11 миллиону насыя түрүндө берилген. Ошонун алкагында 3 миллион евродой сарпталган. Ал каражатка эски таштандынын үстү топурак менен жабылган. Эгер таштандынын жалпы аянты 44,6 гектар болсо, анын 22 гектары топурак менен жабылды. Мындан тышкары метан газын кетирүүчү трубалар үчүн каражат жумшалды. Ал трубалар таштандынын астындагы газды абага кетирет. Антпесе бул жерде техногендик кырсык болушу мүмкүн. Ошондой эле полигондун жанына курула турган таштанды сорттоочу заводго 6,2 миллион евро каралган", - деди Назаров.

Салмак өлчөөчү текшерүү пунктунан ары карай таштанды төгүлүүчү аймакка бардык . Ал жактан таштанды, карга-кузгун жана суукка карабай чоң-чоң баштыктарды көтөрүп алып иштеп жүргөн адамдарды жолуктурдук.

Адил Назаров шаардыктар "өчпөс от" деп атап алган түтүн эмнеден улам чыгарын түшүндүрүп берди.

"Таштанды полигонунан чыккан түтүн шаар жакка барбайт. Демек, ал шаардын абасына эч кандай таасирин бербейт. Адамдар бул жакта таштанды ар дайым күйүп турат деп ойлошот. Чынында полигонго иштегени келген жөнөкөй жарандар жылыныш үчүн эски дөңгөлөктөрдү күйгүзүшөт. Мына ошонун кесепетинен кара түтүн чыгат. Эми биз ал нерсени токтотуш үчүн таштандыны сорттоочу компанияга иштегендер үчүн жылуу контейнер коюп бергиле деген шарт койдук", - деди ал.

Полигондун эки точкасын көргөн соң журналисттер вице-мэр Жамалбек Ырсалиев менен биргеликте жаңы полигон куруу боюнча тендерди утуп алган эстониялык компаниянын курган кеңсесин көрүү үчүн жүрүп кеттик.

Жамалбек Ырсалиев пайдубалы туруп, дубалдары көтөрүлгөн, чатыры жабылган имаратты көрсөттү. Вице-мэр бул толук бүтө элек имаратка 329 миң евро жумшалганын айтты.

"Буга чейин бул таштанды полигонунда ар дайым өрт болуп, андан чоң түтүн чыгып турчу. Бүгүнкү күндө ал түтүн өчүрүлдү. Европалык банктан 22 миллион евро бөлүнгөн. Анын жарымы грант, жарымы насыя түрүндө келген. Бул жакта кеңсе боло турчу имараттын аянты 250 чарчы метр. Ал 329 миң еврого салынган. А негизи бул кеңсе 40-50 миң долларга эле курулмак. Бишкектин борборунан дагы мындай баадагы курулушту таппайсыз. Келишим түзүлгөндөн кийин жаңы полигон куруу үчүн тендерди эстондук компания утуп алган. Бул кеңсени ошолор курду. Алар ишин соңуна чыкканга чейин күтүп жатабыз. Пандемияга байланыштуу Эстонияга кетишкен. Чек ара ачылбай келе албай жатышат. Чыгымдалган каражат боюнча Башкы прокуратурага арыз жаздым. Себеби акчалар жөн эле асманга кетип жатат", - деди вице-мэр.
Бишкек шаарындагы санитардык таштанды полигонун рекультивациялоо жана анын жанына техникалык, санитардык стандарттарга туура келген жаңы полигон куруу боюнча долбоор 2011-жылы даярдалып баштаган. Буга байланыштуу 2013-жылы "Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы" менен насыя бөлүп берүү боюнча келишим түзүлүп, кол коюлган. Бирок келишим 2015-жылы гана ратификацияланган. Банк тарабынан 22 миллион евро бөлүнгөнү, анын 11 миллион евросу грант, калганы насыя түрүндө келгени маалым.
"Вице-мэр шаардык таштандыга жумшалган каражат боюнча прокуратурага арыз жазды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Simels
2021-01-22 21:43:10
329 миң еврого бир имарат эмес целый айыл куруп койсоң болот. Акмактар, ушундай акчаларды жегендер эки дүйнөдө тең жакшылык көрбөгүлө ! ! ! !
+6
TIMON_BERKOWITZ
2021-01-23 02:16:28
329мин сомго обьезднойдогу байкелер куруп бутушмок эбак эле...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан