Бүгүн, 22-январда "Ботош" каймана аты менен таанымал кримавторитет кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-январь күнү кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунда 1987-жылы туулган О.К. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал “Ботош” аттуу каймана аты менен жүрөт.
"Белгилүү болгондой, О.К. К.А. аттуу жарандын кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар улантылууда", - деп жазылат маалыматта.