Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жубайы бала бакча ачты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди. Айтымында, бакчанын аты аалымдын кыздарынын биринин атынан коюлган.
"Дин аалымынын жубайы Айсалкын айым буга чейин эле жеке бала бакча ачууну кыялданып жүргөн экен.
Мындан тышкары анын бала бакча ачуусуна дагы бир себеп, жолдошун жоготкондон кийин өзүн алаксытуу болгон", - деп билдирди окурман.