Сулайман тоонун чокусунда 3 күн "манас" жаңырат. Улуу эпосту манасчы Дөөлөт Сыдыков эми Ошто айтмай болду

Ош шаарында 3 күндүк манас айтуу уюштурулат. Анда манасчы Дөөлөт Сыдыков 3 күн тынымсыз Сулайман тоонун чокусунда манас айтат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова билдирди. Айтымында, бул иш-чара жаз айларына пландалууда.

"Негизи Ошто манас айтууну уюштурууну буга чейин эле ишке ашырсак деп пландап келгенбиз. Өткөн жылдын 12-ноябрында Сыдыков манас айтканда, Оштон көпчүлүк манас сүйүүчүлөр келип, улуу дастанды уга албай калышкан. Анын үстүнө Ош байыркы, ордолуу шаар, анда касиеттүү Сулайман тоо жайгашкан. Буюруса манас Сулайман тоодо жаңырат", - деди Окенова.

Кечээ, 22-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов манасчы Дөөлөтбек Сыдыков, журналист Элнура Кулиева жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү менен жолуккан. Жолугушуунун алкагында вице-мэр коомчулук арасында көөнөрбөс Манас дүйнөсү тууралуу жайылтып жаткан жакшы саамалык үчүн ыраазычылык билдирип, колдоого алаарлык демилелер үчүн Ош шаарынын мэриясы ар дайым даяр экендигин кошумчалаган. Ага улай уюштуруучулар Ноорузга карата Ош шаарында 3 күндүк манас айтууну жана "Сүмөлөк" фестивалын өткөрүү боюнча пландар менен ой бөлүшкөнү маалымдалган.

Дөөлөт Сыдыков өткөн жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 14 саат 27 мүнөт манас айтып, дүйнө жүзүн таң калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2021-01-23 10:18:54
Эн туура патриотсун. Алла колдосун
+4
Janyl98
2021-01-23 12:40:13
Жараткан Тенирим колдоп, Манас Атабыздын касиети болсун кыргыздын ар биринде. Тенирим жакшылыктарды гана буюрсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан