Ошто аялын сабап из жашырып жүргөн "Акбала" каймана аты менен таанымал кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран күйөөсү тарабынан сабалып, ал киши качып жүргөндүгүн айтып арыз менен кайрылган. Бул фактыны аныктоо үчүн Ош ШИИБинин кызматкерлери иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада аялын сабап из жашырып жүргөн 1982-жылы туулган А.Д.ны кармашып, Ош облустук УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине ("бейбаштык") ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, кармалган А.Д. мурда "Акбала" каймана аты менен кримчөйрөсүндө жүргөндүгү аныкталып, ал буга чейин баңги затын сактагандыгы жана тоноочулук жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылган. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары профилактикалык каттоодо тургандыгы белгилүү болду.
Ал эми сабалган аялга карата соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында денеге анча оор жаракат албагандыгы аныкталды", - деп билдирет маалыматта.