Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда болжол менен саат 22:45 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына 2002-жылы туулган К.А. аттуу жаран Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен коркутуу жолу менен чөнтөк телефонун алып кетишкен, белгисиз жарандарга катара чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазып кайрылган.
"Бишкек ШИИББинин кайгуул кызматкерлери келип түшкөн арыздын негизинде маалыматты тактаганда шектүүлөр уюлдук телефондун ээсин бычак менен коркутуп, "Самсунг А-7" үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун тартып алып, качып кетишкендиги аныкталган. Териштирүүнүн негизинде шектүү катары 1998-жылы туулган С.У., 2003-жылы туулган М.Т. жана 2005-жылы туулган Т.А. аттуу жарандар кармалып, Свердлов райондук ИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.