Салык кызматы рейд жүргүзүп 22 миң 378 бөтөлкө спирт ичимдигин мыйзамсыз жүгүртүүдөн алды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек, Ош шаарлары жана Талас облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукцияны тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатуу максатында мыйзамсыз сактоо фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай идиштеги жана аталыштагы 22 миң 378 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Анын ичинен Бишкек жана Ош шаарларынан 2 миң 441 бөтөлкө, Талас облусунан 19 миң 937 бөтөлкө.

"Ишкердик субъектилерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rahat.
2021-01-23 13:03:33
Араксыз эле Жан баксак болот да.Спирт ичимдиктердин айынан канча Уй було ажырашып жатышат канча бала жетим калып атат канча жол кырсыгын болду ушул спирт ичимдигинен кантип кутулабыз.Айылдарда сатууну токтотуп атышат ошого кошулалы Бир туугандар
0
shahlet
2021-01-23 14:46:08
Ушул спирт ичимдиктеринин артынан акча тапкандарга каргыш болсун.......
0
Lilisher
2021-01-24 18:46:19
Бизде тескерисинче модалап чыгарылып атат,арактын аттары эле коп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан