реклама
super.kg logo
реклама

Социалдык коргоонун 117 маалыматтык-сурап билүү линиясы ишке кирет

 

Социалдык коргоо боюнча 117 маалыматтык-сурап билүү линиясы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн адистеринин турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле калк менен кайтарым байланыш түзүү боюнча ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн. Чалуулар акысыз кабыл алынат. Райондук жана шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери министрликке байланыштуу бардык маселелер боюнча жарандарга кеңеш беришет.

"Келечекте 117 линиясы социалдык жардам боюнча корпоративдик маалымат тутуму, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму "Түндүк" менен интеграцияланат. Министрдин айтымында, пандемия учурунда ишеним телефону жана операторлордун консультациясы өзгөчө актуалдуу. Тилекке каршы, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли төмөндөбөй жатат.

117-линиясы - бул үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүүчү маанилүү чаралардын бири. Анын жардамы менен биз зордук-зомбулук фактыларына тезирээк реакция жасайбыз, зомбулуктун андан аркы алдын алуу үчүн маалыматтарды иштеп чыгабыз, кырдаалды чечимдерди кабыл алабыз, ошондой эле жабыр тарткандарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтө алабыз", - деп белгилеген министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: