"Кабинасы түтөп кеткен". Бишкектен учуп чыккан учак техникалык себептерден улам 12 мүнөттөн кийин кайра конду

Бишкектен учуп чыккан "Урал аба жолдору" компаниясына таандык учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам 12 мүнөттөн кийин артка кайтууга мажбур болду. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, белгисиз себептерден улам Airbus 320 учагынын кабинасы түтөп кеткен.

"Екатеринбург шаарын көздөй жөнөгөн учак 14:00дө учуп, кайра 12 мүнөттөн кийин конду. Ал 42 жүргүнчүсү менен Красноярск шаарынан келген. Кайра учуп кеткенде ичинде жүргүнчүлөрү жок, бир гана экипаж мүчөлөрү болгон. Учурда техникалык мүчүлүштүктөрдүн келип чыгуу себеби аныкталууда. Жабыркагандар жок", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
miki87
2021-01-23 20:50:52
Ал кандай рейс болгон 42 адам келсе кайра бош кайтса
+5
Belek1710
2021-01-23 22:23:50
Ала кетпейт беле 30миңден толтуруп
+3
kanybek1986
2021-01-23 22:48:53
Бишкектен Красноярск иге он эки минутта жетиптирго супер инфо
-3
kanybek1986
2021-01-23 22:49:21
Кандай түшүнсө болот
-3
asefsa
2021-01-23 22:51:57
Кайра Бишкеке конду деп атат
+3
bond02
2021-01-23 22:57:52
42 киши кимдер болду экен?
0
Shakek
2021-01-24 08:29:17
Кимдер болмок эле өзүбүздүн эле жарандар (мигрантар)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан