Социалдык тармактарда "эркек эркекти зордуктады" деген аталыштагы видео тарап жатат.
Видеодон 20-22 жаш чамасындагы белгисиз адам өзүнөн бир топ кичүү башка бирөөнү күч колдонуп зордуктап жатканын көрүүгө болот. Видео мончодо тартылганы, андагы адамдар кыргыз тилинде сүйлөп жатканы байкалат.
Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, алар видео тууралуу кабары бар экенин билдирип, учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдиришти.
"Видео качан, кайсы аймакта тартылганы белгисиз. Министрлик тарабынан өлкөдөгү бардык Ички иштер бөлүмдөрүнө кабар берилип, зордуктаган адамды издөө иштери башталды", - деди басма сөз кызматкери.