Биз социалдык тармакта

Бишкекте кадимки тартипте окуу башталган 2 мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды

Бишкекте кадимки тартипте окуу башталган 2 мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, илдет аныкталган класстардын бардык окуучулары 2 жума онлайн окушат. Ал эми мугалимдер ПЦР тест тапшырууга жиберилди.
"Урматтуу ата-энелер, эгерде үй-бүлө мүчөлөрүндө ковид илдети менен ооругандар болсо же оору белгилери байкалып жатса ПЦР тесттен өтүп, балдарыңыз вирусту ташып жүрүүчү эмес экенине ынынууңуздарды өтүнөбүз! Сөзсүз түрдө мектептин администрациясына кабарлап, бардык текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана балаңызды мектепке жибериңиз. Сиздердин жоопкерчиликтүү мамилеңиздерден мектептеги мугалимдердин, башка окуучулардын ден соолугу көз каранды экенин унутпаңыздар", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anarbek80
2021-01-24 21:31:35
Балдар ооруп калса жоопкерчилик ким алат, ким жооп берет бир алган уколу 2.500 сом турса карапайым эл дагы кыйналат тура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан