Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында контейнерден өрт чыкты

Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айыл аймагына караштуу Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 08:20да Жумгал райондук №43 өрт өчүрүү кызматынан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 10:05те чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Байзак айыл аймагына караштуу Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында контейнерден өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан