Коронавирустан каза болгондордун жакындары Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 25-январда Бишкекте Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында коронавирус илдетинен каза болгондордун жакындары митингге чыгышты. Бул тууралуу видео, сүрөт социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, алардын бирден-бир талабы саламаттыкты сактоо системинде люстрация болуусун жана былтыр COVID-19 боюнча дарылоо протоколун жашырган чиновниктерди жоопко тартуу.

Видеодо "Биз акыйкатсыздык үчүн чыгып жатабыз. Биздин жакындарыбыз коронавирус илдетинен каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигине реформа керек", - деп айтып жаткандарын угууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан