SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мен өзүмдүн сырткы келбетиме нааразымын" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Саламатсыздарбы, көптөн бери өзүмдүн жан дүйнөмдөгү нерселерди жазайын деп жаткан элем. Мен өзүмдү бактысыз сезем, жүрөгүм сыгылат. "Дүйнөнү сулуулук сактайт" демекчи, сулуу болсоң бир аз болсо да өзүңдү ишенимдүү сезесиң. Мен болсо өзүмдү күзгүдөн да көрө албайм... Келбети келишкендерди көрсөм маанайым чөгө түшөт. Адамдар мени тоготпой, туугандар келип "ушунун келини жакшынакай же сулуу эмес экен" деп сүйлөшсө, дароо өзүмө алам. Эмнеге минтип сүйлөшүшөт? Келечекте мени дагы бирөөлөр ушинтип сүйлөшөрүн ойлосом, жанымды коёрго жер таппай кетем".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Сен биринчи өзүңдү сүйбөсөң, сени бирөө сүймөк беле?"
- "Акылдуу болуп көрүнбөйүн, бирок Кудайга шүгүр деңиз, алты мүчөңүз амандыгына".
- "Сиз өзүңүздөн кемчиликти издей бербей, жакшы сапаттарынызды карап чыгыңыз. Балким, сулуу адамдарда жок жакшы сапат, сизде бардыр. Чындыгында жүрбөйбү 6 мүчөсү аман эмес адамдар дагы, кана менде бут болсо, кол болсо, көз болсо, уксам деп... Тообо кылыныз..."
- "Келбетиң жакпаса имиджиңди өзгөрт косметиканын күчү менен азыр бардык нерсени кылса болот . Анан өзүң тандап көрөсүң. Бирок убакыт келет косметикасыз деле сулуу экенмин, ушул жагына шүгүр дей турган".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.