ЖАМК: "5608 эмгекке жарамдуу соттолгондун ичинен 1456 адам иш менен камсыз болду"

Бүгүнкү күндө 6115тен ашык соттук процесс онлайн режимде өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАМКнын маалыматында айтылды.

Маалыматка ылайык, ЖАМКнын мониторинг жана анализ борборунан онлайн режимде мекемелердеги абалга байкоо жүргүзүү мүмкүндүгү түзүлгөн, бул жагдай кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга жана атайын контингентке көзөмөл кылууну күчөтүүгө шарт түзөт.

"Учурда ЖАМКнын мекемелериндеги жалпы 5608 эмгекке жарамдуу соттолгондун ичинен 1456 адам иш менен камсыз болгон. №38 мекемеде пескоблок чыгаруу, №42 мекемеде бышкан кыш чыгаруу, №43 мекемеде бетон тирөөчтөрүн чыгаруу, №51 мекемеде пескоблок жана “чийки кыш” боюнча участок, №52 мекемеде балык чарбачылыгы ишке кирди. Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыктын алкагында №2 жана №3 мекемеде бут кийим тигүүчү жана кийим тигүүчү өндүрүш участоктору уюшулду.

Бул цехтерде бут кийимдер, кызматкерлери үчүн формалар жана өмүр бою эркинен ажыратылган соттолгондордун атайын кийими, ич кийимдери, матрас, шейшептер тигилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан