Финпол: "Оштон DAF жүк ташуучу унаасы текшерүүсүз өлкө аймагына кирип, мамлекетке 700 миң сом зыян келтирген"

Финансы полициясы кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды контрабандалык ташып кирүү фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын "Достук" өткөрүү пунктунун тескөөчүсүн кармады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын декабрь айында Ош шаарында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашкан, аны "Достук" өткөрмө пунктунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен. Натыйжада жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык суммадагы бажы төлөмдөрү жана жыйымдары түшпөй калган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

21-январда "Достук" өткөрүү пунктунун жооптуу кызматкери А.Р. кармалып, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 миң 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулган. Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан