Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан мыйзамсыз мамлекеттик чек араны кесип өткөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлерине мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн коңшу өлкөнүн жараны Чүй облусунун аймагында жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Кемин районунун аймагында жашырынып жүргөн жеринен 1989-жылы туулган К.А. аттуу коңшу өлкөнүн жараны кармалган.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында жогорудагы жаран өз өлкөсүндө бир нече жолу соттолгону маалым болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдар Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.