Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын март айынын башында Аламүдүн районундагы айылдарынын биринин 21 жаштагы жашоочусуна карата каракчылык фактысы болгон.
"Анда бейтааныш эки бала дубинка менен арыздануучу кызды сабашып, акча каражатын тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине кайрылып, кийин милицияга арыз жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектелип, 2020-жылдын жай айында 32 жаштагы М.Ф. аттуу жаран кармалып, бүгүнкү күнү тергөө абагында. Ал эми экинчи шектүү 29 жаштагы А.Р. бүгүн, 25-январь күнү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.