Баткенде 540 миң сомду түзгөн товарды мыйзамсыз алып бараткан шектүү жаран кармалды

ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келинген нарктык баасы 540 миң сомдон ашуун товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү жана алып чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында Баткен бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда М.А. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз өлкөсүнө чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 25 миң метр 50 миллиметр болгон изоляцияланбаган алюминий зымдар табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 540 миң сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилгендиги жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2021-01-26 09:52:31
Кармаганыңар жакшы бирок дайыма ушундай майда барат эптеп кредит алып жан багып жаткан карапайым адамдарды кармайсыңар.Неге канча деген тонналап Тажикстанга кирип жаткан бензин сольяарка бир да жолу кармалбайт Баткен Эли баары билет мыйзамсыз ташылып жатканын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан