Өзбекстанга бодо малдарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды

Бүгүн, 25-январда чек арадан мыйзамсыз өтүп жаткан бодо мал токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Таза-Суу аймагында чек ара кызматкерлери 1990-жылы туулган Ч.Т. аттуу Кыргыз жаранын токтотушкан. Анда жети баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин бул иш тергөө үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
maks992
2021-01-25 20:31:32
Постоянно эле отуп туратко просто доля бербегенда
+7
take1984
2021-01-25 22:45:27
күндө эле өтөт доля бербеген экенго
+3
orozali.krg
2021-01-26 00:10:18
Жоголуп жаткан малдардын баары ошол жака кетип атат окшойт. Уурулук күч алып кетти гоо
+3
Asmat84
2021-01-26 09:10:12
Өзүбүздө этин баасы асмандап атканда коңшуларга эт саткан акмактарды да каттуу көзөмөл кылыш керек
+1
Oma.kg.kg
2021-01-26 12:17:05
Коррупцияны өзүбүздүн эл эле кылат да өзүчү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан