Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-январында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө 27 жаштагы Н.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын декабрь айында чала тааныш эки бала анын бодо малын 150 миң сомго баалап, 20 миң сомун беришип, калган 130 миң сомун бир нече күндөн кийин беребиз деп ошол боюнча телефондорун өчүрүп дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ушундай эле арыз менен ушу жылдын 13-январь күнү жергиликтүү 24 жаштагы А.У. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Аны дагы алдоо жолу менен малын алып, 120 миң сомун бербей качып жүргөн балдарга чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 21 жаштагы К.Б. аттуу шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жаткандыгы жазылат маалыматта.