УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ушул жылдын 14-январында Башкы прокуратура тарабынан Алмамбет Шыкмаматовдун жана башкалардын арызы боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Арызда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаев Сегизбаев тарабынан эл алдында жалган караланып, кылмышка айыпталгандыгы айтылган.Тактап айтканда, УКМКнын мурдагы төрагасы "Белизгейт" аталган ишке тиешеси бар экендиги белгиленген.
Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев тарабынан жогорудагы кылмыш иштери аткарылгандыгы тууралуу далилдер алынды. Буга байланыштуу Сегизбаев кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган кылмыш иштерине башкалардын тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.