"Менин эч кандай тиешем жок". Орусия президентине таандык делген хан сарай тууралуу Владимир Путин үн катты

Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык делген хан сарай тууралуу президент студенттер менен болгон жолугушууда үн катты.

Путиндин айтымында, Алексей Навальныйдын иликтөөсүнөн келип чыккан Геленджик шаарына жакын жерде орун алган хан сарай ага таандык эмес.

"Мен мындай тасманы көрүүгө бош убактым болбогондуктан көргөн жокмун. Бирок жардамчылар алып келген кыска видеолорду карап чыктым. Мен сиздердин сурооңуздарга токтоосуз жооп бергим келет.
Геленджиктин жанындагы хан сарай мага таандык эмес. Ага менин да, жакындарымдын да эч кандай тиешеси жок", - деп жооп берген Владимир Путин.

Президент кошумчалагандай, хан сарай жөнүндө маалымат он жылдан ашуун убакыттан бери таркатылып келе
жатат.

Геленджикке жакын жердеги "Путиндин хан сарайы" боюнча иликтөө 19-январда, Навальный Орусияга кайтып келгенден кийин жарыяланган. Учурда тасманы 90 миллионго жакын колдонуучу көрдү.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын "Президент Владимир Путиндин хан сарайы" деп аталган жаңы иликтөөсү чындыкка дал келбей тургандыгын президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.

Путин Навальныйдын иликтөөсү тууралуу үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aidar.001
2021-01-26 01:03:24
Ельциндики окшойт анда хан сарай
+3
Almaz-Diamond
2021-01-26 11:02:36
Путин дуйнолук лидер
+3
kg627
2021-01-26 12:17:10
Алишер Усмановдуку дешетко.Альфа банктын генеральный директору
0
saparu
2021-01-26 12:27:52
Путинди омуру откучо иштетсе болот орустар
+2
0196ernis
2021-01-26 12:39:35
Ага жарашат ошондой жерде жашаса
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан